Базар-Коргон районуна караштуу Бир-Май айылындагы бала-бакча кайрадан иштей баштады. Биз бул маселе тууралуу 21-жеткинчек бала-бакчасынын директору Мавлюда Бабанова менен маек курдук.
Биринчи жолу бала-бакча канчанчы жылы курулган?
— Биринчи 1963-жылы союз мезгилинде курулуп, кайра 1991-жылы иштебей жабылып калган.
Кайра бала-бакча качан иштей баштаганда абалы кандай болчу?
— Абалы абдан эле начар болчу. Эшиктери, терезелери сынак эле. Бирок ал нерсеге карабастан балдарыбыз жакшы тарбия алышсын деп 2012-жылы өзүбүз анча-мынча жерлерин оңдоп, кайрадан иштете баштаганбыз.
Качан толук оңдоо болду?
— 2015-жылдын күз мезгилинде оңдоо иштери башталган болчу. Азыркы кезде бардык жери таза жана жаңы болуп калган.
Оңдоо ким тарабынан болду?
— Кеңеш айыл өкмөтү жана айыл тургундары колдорунан келишинче көмөк көрсөтүштү.
Оңдоо иштери качан аяктады?
— 2015-жылдын сентябрь айында башталып ноябрь айларында толук оңдодон өтүп иштей баштаганбыз.
Маек курганыңыз үчүн чоң рахмат.
Автору: Адилет Канат уулу
Редактор: Айназик Бообекова
Сынак үчүн
Телефондон жазылды