Базар-Коргон районуна караштуу Бир-Май айылындагы фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП) абалы начар болгонуна байланыштуу жаңы ФАП курулду. Учурда мекеме айыл тургундарынын кызматында.
Мекемеде медврач болуп иштеген Айжамал Токтосунованын айтымында, жаңы ФАП 2015-жылдын август айында ЮНИСЕФ тарабынан курулуп, ишке түшкөн.
«Бул ФАПты куруу үчүн 2000765 сом каражат кетти, учурда кызуу иштөдөө. Бул жерде кош бойлуу келиндерди каттоого алуу, 1-6 жашка чейинки балдарды эмдөө жана ошондой эле бардык оруулардын алдын алуу иштери жүрөт», — деп айтты Токтосунова.
Биринчи-Май айылынын тургуну Дилдара Кожобаеванын айтымында, ФАП курулуп, аларга ыңгайлуу болуп калган.
«Мурда биз районго барып врачтарга көрүнүп келет элек, азыр жакшы өзүбүздө бар», — деп айтты Кожобаева.
Автору: Адилет Канат уулу
Редактор: Айназик Бообекова
Сынак үчүн
Телефондон жазылды