Куланак айылында 7-май күнү жаштар уюмунун демилгеси менен 7-8-классынын окуучулары таштанды тергени чыгышкан. Окуучулар экиге бөлүнүшүп, жарымы Учкундан Куланакка чейин, жарымы Достуктан Куланакка чейинки таштандыларды терип тазалашты.

Бул тууралуу жаштар уюмунун жетекчиси мындайча баяндап берди.

“7-май күнү мектептин окуучулары болуп таштанды тергени чыкканбыз, мектептин окуучуларына рахмат. Айыл өкмөтүнөн дагы өкүлдөр чыкты. Учкун чек арасына чейин теришти. Дагы тазалануучу жерлер да бар. Бак-Терек участкасы калган болчу, ошолорду тазалайлы деп жатабыз. Мектеп директору менен кеңешип анан тазаласак дегенбиз», — деп айтып өттү жаштар уюмунун жетекчиси Улан Сыдыков.

Мындан мурда дагы мындай иш-чаралар өткөрүлгөн. Анда окуучулар парктарды тазалашчу. Азыр болсо чек арадан чек арага чейин тазалашты.
— Айыл таза болушу үчүн пландарыбыз кеңири. Ылдый жактагы каналга таштандылар төгүлүп жатат, ошолорду дагы тазаласак дегенбиз.

Редактору: Самара Рыскелдиева
Сынак үчүн