Нарын районунун Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев орто мектебинде 19-20-май күндөрү 4-а жана б класстары бүтүрүү кечесин өткөрүштү. Бул иш-чарага окуучулардын ата-энелери жана мугалимдери күбө болушту.

Бул тууралуу 4-а классынын класс жетекчиси Рима Базарбаева буларга токтолду.

«Бул классты мен 1-классынан бери окутуп келем. Буюрса бүтүрүү кечеси мен ойлогондой болду, мага жакты. Жакшы өттү деп ойлойм. Балдардын сүйүнүчү койнуна батпай маанайлары абдан жакшы болду», — деп билдирди Базарбаева.
Ал эми 4-б классынын класс жетексиси Керез Оржоева коюлган кеченин сценарийи тууралуу мындай дейт.

«Президентибиз Алмазбек Атамбаев 2016-жылды “Тарых жана маданият жылы” деп белгилегенине байланыштуу, үркүндөн ушул мезгилге чейинки доорду чагылдырдык”, – дейт Оржоева.
Окуучулар өнөрлөрүн түрдүү багыт менен көрсөтүштү.

Замир уулу Бегаалынын чоң энеси Дина Абдыкалыкова кече мыкты деңгээлде өткөндүгүн баяндап, төмөндөгүлөрдү айтып берди.
![20160522_144803[1]](http://kulanak.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/2/2016/05/20160522_1448031-1024x576.jpg)
«Бүгүнкү бүтүрүү кечеси аябай жакшы болду. Колунан келген өнөрлөрүн көргөзүштү, мугалими да жакшы даярдаптыр. Баарыбыздын маанайыбыз жакшы болду. Балдарыбыздын өнөрүн көрүп турган жакшы да», — дейт ал.
Авторлор: Медина Сарбагыш кызы, Дилде Шатан кызы
Редактору: Самара Рыскелдиева
Сынак үчүн