Футбол аянтчасы жок болгондугуна карабастан, спорт сүйүүчүлөр күн сайын футбол калтырбай ойноп келишет. Ойноп жаткан жеринен футболчулардын бири Расул Болотбековго суроо узаттык.

Саламатсызбы, футбол оюнун качантан бери ойноп келе жатасыз?
— Мен бул оюнду кичинемден эле абдан жакшы көрөм. Футболду ойногонума алты айдан ашып калды.
Оюндун бул түрүнө оюнуна эмне болуп кызыгып калдыныз?
— Бул оюн спорттун бир түрү, ойносон чуркайсың, ден-соолугуң да чың болот. Биздин айылда чоңдор Бишкекке барып жаш курагы боюнча футбол оюнун уюштурушуп ойношчу. Биз ошолорду көруп, жергебиздин лицейиндеги аянтчасында футбол ойноп калдык, ошондон баштап кызыгуум башталды.


Силерге көмөк көрсөткөн демөөрчүңөр барбы?
— Бизге эч ким демөөрчүлүк көрсөтпөйт, ар бирибиз жыйырма сомдон чогултабыз да бир командада беш бала болсо, баарыбыздыкы биригип, жүз сом болот. Мындан тышкары көптөгөн командалар келет, ошондон чогулган акчалар менен эле өзубүзгө өзүбүз демөөрчу болуп келебиз.

Аянтчанын шарты силерди канааттандырабы?
— Албетте жок, шарттар түзүлгөн эмес, анткени биздин дарбазабызды таштар менен жасап алганбыз. Аянтчада чуңкурлар да бар. Биздин дарбазабыз кичи футболго ылайыкташылган.

Топко акчаны өзүңөр чогултасыңарбы?
— Биздин жарык топ менен ойногон күндөрүбүз да болгон. Чоңдор бизге топ алып келип беришкен. Учурда ошол топ менен ойноп келебиз.
Автор: Бекназар Дөөлөтбек уулу
Редактору: Айзат Түмөнбаева, Самара Рыскелдиева
Сынак үчүн