Кара-Талаа айылында май куйуучу жай курула баштады. Кара-Талаа айылынын эли мурда күйүүчү майды Балыкчы шаарынан алып келип колдонушса,эми май куйуучу жай курулса элге бир топ жеңилдиктер болоорун, май куйуучу жайды өз күчү менен куруп жаткан жеке ишкер — Касымкул Султаналиев билдирди:
Бул май куйуучу жайды өз күчүм менен ошондой эле бир туугандарымдын жардамы менен бирдикте куруп жатабыз. Май куйуучу жай курулуп, ишке киришсе элдерге бир топ пайда алып келет деген ойдомун. Май куйуучу жай курулса бат эле чыгашаларды актайт деген ишеничтемин.
Айыл тургуну Мамытов Дүйшөнбек май куйуучу жай тууралуу өз оюн билдирди:Бул май куйуучу жайдын курулуп жаткандыгы элдерге көп пайда алып келет. Биринчиден; күйүүчү май жазгы айдап себүү, чөп оруу жумуштарына абдан керектүү. Экинчи жагынан айыл тургундары май издеп шаарга барып, убара болушпайт. Ошондой эле май арзаныраак түшөт. Үчүнчү жагынан таза жана толук кандуу май алабыз.Бул май куйуучу жайдын курулушун бүтүндөй айыл эли колдойт жана бир топ жеңилдиктерди алып келет деген ойдо
Даярдагандар: Эркайым Асанканова, Үмүтай Аттокурова.