Бакай-Ата районунун жашоочуларынын китепке болгон кызыгуусу аз. Бул тууралуу китепкананын кызматкерлери айтып өттү.
Бакай-Атадагы китепкананын директору Тоту Сапаралиеванын билдиришинче, алардын китеп фонду отуз миңди түзөт.
«Электрондук китептер да бар, компьютер менен маалыматтарды табып беребиз. Бирок мен ойлойм, интернеттен караганда маалыматтарды китептен алган жакшы, анткени интернетте бардык маалымат бар деп айта албайбыз», — деп билдирди Сапаралиева.
Китепканада иштеген кызматкерлеринин бири Бүркүтбаева Гүлзат мындай деди.
«Мен Бакай-Ата райондук китепканада үч жылдан бери усулчу кызматын аткарып келем. Айылдагыларга көбүнчө методикалык жардам беришим керек. Окурмандар тууралуу айтсак, азыр өтө эле аз келишет. Себеби дегенде интернет бар, биз ушул электрондук маалыматтардан алып алабыз дешет», — деген пикирин айтты китепкананын усулчусу.
Бакай-Ата райондук китепкананын окурманы Махабат Өмүрбекова китепканада керектүү маалыматты таба алаарын айтат.
«Интернеттке көп эле ишене бербеймин», — дейт Махабат.
https://www.youtube.com/watch?v=YuGZoUYlZBE&feature=youtu.be
Даярдаган: Назми Мухамедова
Редактору: Амантур Сейталиев
Сынак үчүн