Лейлек районунун Сумбула айыл өкмөтүнө караштуу Андарак 2 атындагы орто мектебинин спорт залын куруу иштери 2015-жылы малекеттин каржылоосу менен башталган. Учурда жумуштар уланып, жаңы окуу жылына чейин спорт зал толугу менен бүтүрүлүп колдонууга берилерин айтты мектеп жетекчилиги.
Бул тууралуу мектептин директору Акимжан Хасановдон маалымат алдык.
— 2015-жылы март айында Андарак 2 орто мектебинин спорт залын куруу иштери башталган. Залдын курулушуна айыл өкмөт тарабынан 11 миллионго жакын каражат бөлүнгөн. Капиталдык курулуштар катарына толугу менен кирет. Залдын 70 пайызы аяктап калды, ушул 11 миллион бөлүнгөн акчанын 7 миллиону сарптплды, 3 миллионго жакын каражат калды. Биздин ишкерлер азыр Бишкекке барып калган курулуш материал алып келүүгө кеткен. Жаңы окуу жылында ачуу аземи өткөрүлөт. Бул курулушта эки топ иштеди. Жалпысынан айтканда жыйырма жети киши иш менен камсыз болду.
Курулуштун биригадири Араб Саттаровдун маалымдашынча, спорт залдын аянты азыркы дүйнөлүк стандартка жооп берет — узуну 27, эни 12,60 метр.
«Бардык шарттары каралган: балдар, кыздар үчүн да кийинүүчү бөлмө душу менен жана мугалимдер үчүн да бөлмөлөр каралган. Спорттук курал-жарактар дүйнөлүк стандартта коюлат», — деп кошумчалады Саттаров.
Даярдаган: Данияр Бахридин уулу
Редактору: Амантур Ганыев
Сынак үчүн