Нырын обулсунун, Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров атындагы жалпы билим берүү мектебинин тарых мугалими Мунара Токторбаева кыргыз жана орус элдеринин тарыхый байланышын, маданий жакындыгын даңазалаган эл аралык сынакта ийгилик жаратып, 300гө жакын долбоордун арасынан финалга өткөн 14 катышуучунун катарына кирди. Анын долбоору жогору бааланып, сыйлык катары Россия мамлекетине жолдомо тапшырылды.

Мунара Токторбаева сынак тууралуу эки жыл мурун кесиптеши Сыдыкова Галия Нуралиевнадан уккан. Ал учурда Галия Сыдыкова да аталган сынакка катышып, финалист болуп, Москва шаарына барып келген.
Мунара Токторбаева бул сынакка катышуу чечимин көпкө ойлонбостон кабыл алган. Себеби долбоордун негизги идеясы жана презентациянын мазмуну мурдатан эле даяр болчу. Бирок сынактын жобосу иш-чарага бир жума калганда берилгендиктен, даярдык көрүүгө убакыт тар болгон. Ошого карабастан, ал 3–4 күндүн ичинде материалдарды даярдап, видеороликти бир күндө тартып бүтүргөн. Бул иште орус тили мугалими Гулмира Султангазиева да жардам көрсөткөн.

«Эки эл, эки маданият, бир тарых» деп аталган долбоор Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген скульптору Ольга Максимилиановна Мануйлованын өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган. Анда анын эмгек жолу, кыргыз жана орус элдеринин маданиятына, искусствосуна жана тарыхына кошкон салымы чагылдырылган.

Долбоордун негизги максаты — эки элдин тарыхый байланыштарын, маданий жакындыгын жана орток баалуулуктарын таанытуу. Ошондой эле окуучуларды тарыхты изилдөөгө, салыштырууга, талдоого жана өз алдынча жыйынтык чыгарууга үйрөтүү көздөлгөн.
Мунара Токторбаева долбоорду даярдоодо окуучуларынын салымы чоң болгонун белгилейт. Айрыкча видеоролик тартууда алар активдүү катышып, жардам беришкен.
«Бул ийгиликти жалгыз өзүмдүн жеңишим деп айта албайм. Бул — командалык жеңиш. Окуучуларыма, кесиптешим Сыдыкова Галия Нуралиевнага жана Гулмира Султангазиевага терең ыраазычылык билдирем», — дейт ал.

Сынакка 300гө жакын долбоор катышып, алардын ичинен 14ү финалдык баскычка өткөн. Сыйлык тапшыруу аземинде үч катышуучуга аэрогриль, үч катышуучуга смарт-саат берилип, сегиз финалистке Россияга барууга жолдомо тапшырылган.
Иш-чарага Россиядан келген мугалимдер жана Кыргызстандагы Россия Федерациясынын элчилигинин өкүлдөрү да катышкан.

Мунара Токторбаеванын долбоору тарыхый мурастарды таанытуу менен гана чектелбестен, окуучуларды изденүүгө, биргелешип иштөөгө жана элдердин ортосундагы достукту баалоого үндөгөн маанилүү эмгек болду.
Даярдаган: Илима Жумабаева.