Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Ак-Тал айылында дагы бир долбоор ишке ашырылууда.
Тактап айтканда, айыл өкмөтүнүн алдындагы муниципалдык техникаларды атайын бир жерге топтоп, оңдоп, токтото турган гараж уюштурулууда.
Аталган айылдын башчысы Дастан Алыбаевдин айтымында аймактын карамагында 5 айыл болгондуктан техникалар ар айылда турчу.
“Азыр эми техникаларды бир жерге топтоп, көзөмөлдөп, оңдоп туруу үчүн гараж керек экен. Ал үчүн айылдагы эски кампанын орду тандалып алынган, анын пайдубалы жок, дубалдары урап калган. Азыр сүздүрүлүп, анын ордуна заман талабына шайкеш келген гараж курулат. Тоголок Молдо айыл өкмөтү тарабынан долбоор жазылып, БУУнун Азык-түлүк программасы аркылуу 27 үй-бүлө колдоого алынып, иш менен камсыз болушту. Долбоорго тартылган 27 адам, эски кампанын айланасын тосуу жумуштарын ишке ашырышат”,- деди Дастан Алыбаев.
Мындан сырткары курулуш материалдары айыл өкмөтү тарабынан каржыланып жатканын кошумчалады.
Барчын Мамытбекова