Ак Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Ак-Кыя айылында Асаналы Абраимов атындагы орто мектебинин мурунку 3-корпусу 2 млн 465 миң 762 сомго оңдоодон өткөрүлүп, 3 сааттык бала бакча ачылды.
Маалыматка караганда “Келечек үчүн билим берүү “-долбоорунун алкагында түзүлгөн кыска мөөнөттүү бала бакча билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жана дүйнөлүк Банктын каржылоосу менен ишке берилди.
Акимдин орун басары К.Эсеналиев бала бакчанын ачылышында
Акимдин орун басары К.Эсеналиев айтымында, жаңы ачылган 20 орундуу 3 сааттык бала бакчага жалпы 40 бала тартылды. “Бала бакчада алар 2 нөөмөт менен билим алышат. Балдарга билим тарбия берүү үчүн 2 тарбиячы жана 2 жардамчы тарбиячы жумуш орду менен камсыздалды. Бала бакчаны ачууда демөөрчүлөр дагы өз салымдарын кошуп, ата-энелер тарабынан 20 миң сомго килем-паластар, демөөрчүлөр 22 миң 500 сомго айланасын тосмолоого материалдар жана 21 миң сомго электр кабелдерин алып беришти», — деди ал.
Барчын Мамытбекова