«Калем-Лидерлер академиясынын” “Билим кербени” долбоорунун алкагында “Лидер мугалим” курсу Балыкчы шаарында старт алды.Курс Балыкчы шаарындагы К.Жакыпов атындагы №8 жалпы орто билим берүү мектебинде өткөрүлүп, ага 28 мугалим катышууда. Бул программа Кыргызстандын билим берүү системасындагы мугалимдердин потенциалын өнүктүрүү жана аларды жаңы ыкмаларга үйрөтүү максатын көздөйт.
Курстун форматы жана өзгөчөлүктөрү:
Курс эки бөлүктөн турат:
• 3 күндүк офлайн тренинг, ал Балыкчы шаарында 20-22-декабрь күндөрү өтүп, анда катышуучулар теориялык билим алып, практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүштү.
• 6 айлык онлайн окутуу, бул убакыт аралыгында мугалимдер иш жүзүндө алган билимдерин бекемдеп, жетекчиликке жана чыгармачылыкка багытталган долбоорлорду иштеп чыгышат.
Окутуунун негизги темалары:
• Мамлекеттик билим берүү системасы жана анын келечеги
• Мугалимдин ролу жана агартуучулуктагы каталар
• Стереотиптерди жеңүү жана коммуникацияны жакшыртуу
• Педагогикалык этика жана идеалдуу мугалимдин образы
• Билим берүүдө жасалма интеллектти колдонуу
• А жана Z муундарынын ортосундагы байланыш жана курактык психология
• Долбоор түзүү жана ишке ашыруу
Курстун натыйжасы:
Катышуучулар өздөрүнүн мектептеринде окуучулар менен биргеликте долбоорлорду иштеп чыгып, иш жүзүндө аткарышат. Эң мыкты долбоорлор авторлору баалуу байгелерге ээ болушат.
“Лидер мугалим” курсу эмне үчүн уникалдуу?
Бул Кыргызстандын бардык аймактарындагы мугалимдер үчүн атайын лицензияланган модулдук программа болуп саналат. Программаны ийгиликтүү аяктаган мугалимдерге сертификат берилет жана алар “Лидер мугалимдер” тармагына мүчө болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
“Лидер мугалим” курсу – бул мугалимдерге жаңы билим, чыгармачылык жана лидерлик сапаттарды өнүктүрүүгө болгон чоң мүмкүнчүлүк. Билимдүү, демилгелүү жана өз кесибин сүйгөн мугалимдер аркылуу гана коомду өзгөртүүгө болот.
Нурзат Рахматова