Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагына караштуу Терек айылына «Жашыл Мурас» улуттук жашылдандыруу долбоорунун алкагында бактын көчөттөрү тигилди.
Улукбек Жусупжанов Баетов айыл аймагынын а.ө. башчысы
Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Улукбек Жусупжановдун айтымында, Баетов — Терек унаа жолунун сол тарабына, же тактап айтканда Баетов айылынын баш жагындагы дамбадан тарта Терек айылынын кире беришине чейинки аралыкка 13 миң түп теректин жана 1 миң кара бактын көчөтү отургузулду. Ал үчүн жергиликтүү бюджеттен 430 миң сом бөлүнүп, көчөттөр сатылып келинген. Көчөт отургузууга жергиликтүү тургундар жана мекеме-ишкана кызматкерлери тартылган.
Бак тигүүгө мекемелердин кызматкерлери катышты
Расбек Каналиев Ак-Талаа райондук токой чарбасынын башчысы
Ал эми райондук токой чарбанын башчысы Рысбек Каналиев быйыл Баетов айыл аймагына 14 миң терек, Ала-Буга айыл аймагына 10 миң терек, 250 түп карагайдын көчөттөрү тигилсе, Тоголок Молдо айыл аймагына 13 миң түп теректин көчөттөрү тигилерин кошумчалады.
Маалыматка караганда бак отургузулган аянт сейил бак болот жана айланасы тосулат. Ошондой эле мекеме өзү отургузган тилкени көзөмөлгө алып, өсүүсүнө кам көрөт.
Барчын Мамытбекова