26-апрель күнү Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы инновациялык орто мектебине «Мектептер 2030» долбоорунун алкагында Билим берүү жана илим министринин басма сөз кызматчысынын жетекчиси Гүлмира Үмөталиева, MSDSP Ага-Хан фондунун билим берүү программасынын менеджери Назира Жолдошбекова, эксперт-консультант Ильмира Шерматова, MSDSP Ага-Хан фондунун Нарындагы координатору Назгүл Курманбекова, журналисттер жана башка коноктор келип,
Аталган мектепте быйылкы окуу жылында «Мектептер 2030» долбоорунун негизинде аткарылып жаткан иш аракеттери — бул мектепте «Aqua club» дизайн командасынын сууну сарамжалдуу пайдалануу максатында «Тамчылатып сугаруу» иши презентацияланды.
9-10 жаш когортасындагы окуучулар башталгыч классынын мугалимдери Гулсайра Өмүркулова менен Жүзүмкан Аскарованын жетектөөсүндө Оттук, Казан-Куйган айылындагы булактарды изилдеген иштери, суунун адамзатына тийгизген пайдасы жана аны сарамжалдуу колдонуу боюнча келген меймандарга айтып беришти.
«Булактарды окуучулар өздөрү өз каалоолору менен анализдешти. Казан- Куйган жана Оттук айылындагы чоң жана кичине булактарды изилдеп чыгып, суусунан алып келип, даамдарын салыштырышты. Булактарды изилдөөдө окуучулар кыш мезгилинде февраль айында барып кыштын күнү булактардын суусу жылуу болоорун аныкташкан. Ал эми апрель айында алып келген булактардын суусу муздак экенин байкашты. Изилдөө ишине чейин окуучулар менен бирге сабактарда мисал, маселелерди чыгарганбыз. Булактарды катарга жайгаштырып, кайсы жерде жайгашкандыгын, канча аралыкта жайгашкан, айылдын канча калкын камсыз кылат жана башка ушул сыяктуу суроолордун үстүндө изилдөө жүргүзүшкөн»,- дейт башталгыч классынын мугалими Жүзүмкан Аскарова.
Ал эми 15-жаш когортадагы окуучулар математика мугалимдери Жылдыз Өмүкеева менен Медина Молдалиеванын жетектөөсү астында, мектептин айланасын жашылдандыруу максатында 275 көчөт отургузуп, аларды тамчылатып сугаруу боюнча жана ошондой эле гидрогель аркылуу нымдуулукту узак убакытка сактоо боюнча презентацияларын көрсөтө алышты.
«Биз мектептин айланасына жалпы 275 көчөт отургузуп, суу түтүкчөлөрүн орното алдык. Жийде 25 даана, мырза терек 110 даана, мажүрүм тал 100 даана жана кайың 40 даана отургузулду. Бүгүн келген меймандар менен дагы бир нече көчөттөрдү отургуза алдык. Буюрса жакшы кам көрүп, мыкты бакчага айлантабыз деген максатыбыз бар»,- дейт 9-классынын окуучусу Адылхан Эсенгулов.
Гидрогель — сууну сарамжал колдонуу максатында колдонулган нерсе. Сууну сарамжалдуу пайдаланып бүтүндөй коомго, экологияга, жаратылышка оң пайдабызды тийгизиш үчүн ушул системалар пайда алып келип жатканын 9-классынын окуучусу Айдеми Асанова баса белгилейт:
«Гидрогель термини адабиятта 1849-жылдан баштап эле пайда болгон. Жалпысынан гидрогель сууну сиңирип топурак кургаганда өсүмдүктүн тамырына ным берет. Ошондой эле гидрогелдер көчөттөрдүн жашоо деңгээлин жогорулатат, кышында тирүү көчөттөрдү, жылуулукту сүйгөн өсүмдүктөрдү, алыс жакка ташууда колдонуп сактасак болот. Гидрогель беш жыл бою касиетин жоготпойт. Беш жылдан соң зыянсыз бөлүкчөлөргө ажырап кетет. Топурактын ордуна да колдонсо болот».
Жогоруда «Мектептер 2030» долборунун быйылкы окуу жылынын иши болсо, келген меймандар мурунку жылдардагы аткарылган иштердин уланып жактанына дагы күбө болушту. Өткөн жылда 15 жаш когортадагы окуучулар «Сарамжал студент» дизайн командасынын ишин көрсөтө алышты. Мында окуучулар өз колдору менен таза, табигый, жасалма кошулмасыз тамак-аштарды сунуштап, зыяндуу тез татымдардан алыстатуу максатын көздөшөт. Алар жасаган азыктарга көрүүчүлөр да күбө болуп, даам татып кетишти.
Гулзада Жангазиева жетектеген «Кайра иштетүү» дизайн командасы керектөөдөн чыккан материалдарга кайра экинчи жашоо берүүнүн үстундө эмгектенишет. Алар ар түрдүү паннолорду, сумкаларды, курактарды жасап келишет.
Ал эми «Усупбекстан» Жамааттык мультимедиа борборунун кабарчылары Билим берүү жана илим министринин басма сөз кызматчысынын жетекчиси Гүлмира Үмөталиева жана «Ага-Хан» фондунун билим берүү программасынын менеджери Назира Жолдошбекова менен түз эфир өткөрүшүп, кызыккан суроолоруна жоопторду ала алышты.
Катышуучулар «Мектептер 2030» долбоорунун бир нече жылкы иштери уланып келе жаткандыгына күбө болушту. «Aqua club» дизайн командасы экологияны сактоого карата жасалып жаткан иштерине терең баа беришти.
Айжан Турдубекова