Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43-кесиптик лицейинин устаттары «Башталгыч кесиптик билим берүү системасында өндүрүштүк сабактарда инновациялык санариптик мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу» темасындасеминарга катышышты. Билим берүү боюнча иш-аракеттердин глобалдык жумалыгынын алкагында өткөрүлгөн практикалык семинар Бишкек шаарындагы №98-кесиптик лицейде өткөрүлдү. Семинардын максаты; өндүрүштүк окутуунун устаттарынын жана мугалимдеринин окуу-өндүрүштүк иш процессинде Маалымат-коммуникациялык технологиялар боюнча практикалык көндүмдөрүн жогорулатуу үчүн болду.
Бул семинар Бишкек шаарындагы №98-кесиптик лицейдин мааалымат-коммуникациялык технологиялар тармагындагы, «Алдыңкы тажрыйба борборунда» 22-апрельден 26-апрелге чейин уланды. Жаңы-Жер айылындагы №43-кесиптик лицейдин мугалим устаттары Эмиль Ачикеев, Мээрим Медетова, Сезим Алтымыш кызы катышууга мүмкүнчүлүк болду. Катышуучулар маалымат-коммуникациялык технологиялар боюнча практикалык көндүмдөрүн үйрөнүү менен сертификаттарга ээ болушту.
№43-кесиптик лицейдин устаттары кыска мөөнөттүк практикалык семинардын жыйынтыгында Google Drive – булут кызматын, Google Form тестти электрондук түрдө түзүүнү, Google таблицалары маалыматты онлайн режиминде иштетүүнү, Google Classroom же «Google Class» — онлайн окутуу үчүн онлайн кызматын, Canva ресурстук китепканадан материалдарды тандоону , Chat CPT — Нейрондук тармагы сыяктуу колдонмолорду үйрөнө алышты.
Турсун Омуралиева