“Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы” жөнүндө Президенттин жарлыгынын негизинде Токтогул районуна караштуу Кетмен-Дөбө айыл аймагынын, айылдык кеңешинин депутаты Сүйүнтбек Жолдошовдун демилгеси менен уюштурулган, мектептер аралык волейбол жана футбол спорттук оюндары болуп өттү.

“Бул спорттук оюндарды уюштурганыбыздын себеби өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту азайтуу менен айыл арасындагы ынтымакты бекемдөө, окуучу балдар кыздарды патриоттуулукка тарбиялоо болду”,- дейт айылдык кеңештин депутаты Сүйүнтбек Жолдошов.

Спорттук мелдеште футбол боюнча эркек балдар арасында: Турусбек мектеби 1-орун, Жоомарт мектеби 2-орун, Нурманбетов мектебинин окуучулары 3-орундарга ээ болушту. Ал эми окуучу кыздар арасында волейбол боюнча 1-орун Нурманбетов, 2-орун Турусбек, 3-орунга Жаманкулов мектебинин окуучулары ээ болушту.

Атайын түзүлгөн комиссиянын чечими менен алдынкы орундарды алган окучуулар кубок жана медаль,громаталар менен сыйланышты.
Аделя Бакытбекова,Азема Кудуева.