Сокулук районундагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө жергиликтүү курултайга делегаттарды көрсөтүү үчүн жыйын өткөрүлүүдө. Алынган маалыматка караганда Жаңы-Жер айыл аймагы боюнча 50 талапкер көрсөтүлүп, элдин берилген добушу менен Таалайкан Бекматова делегат болуп шайланды.
Жаңы-Жер айыл өкмөтү боюнча калктын саны аймактык айылдарды кошкондо 10 000ге жакын калк жашайт. Ошого байланыштуу Жаңы-Жер айыл аймагы боюнча жалпысынан 50 делегат көрсөтүлүп, жыйынга катышуучулардын добушу менен айылдын тургуну Таалайкан Бекматова делегат болуп дайындалды. Жергиликтүү кеңештин депутаты Динара Абакованын айтканына караганда жыйындарды өткөрүү тартиби жана курултай тууралуу элге толук маалыматта берилген.
“Бизге Жаңы-Жер айылы үчүн күйгөн, айылдын тургундарынын арасынан Таалайкан Бекматова делегат болуп көрсөтүлүп жатат. Курултайда негизги маселе катары айылда 9-хутордогу мектеп бүтпөй жатканын, Жаңы-Жер айылындагы Чолпон аймагында айыл жашоочуларынын үйлөрүнүн документтери бүтпөй жаткандыгы, айылдагы таза суу маселеси көтөрүлдү. Ал эми айыл аймагына караштуу Зеленое айылынын тургуну Узакбай Исмаилов, быйылкы жылы айылда оорукана (ФАП) салынып жатат, бирок биздин айылда 90 түтүн жашайт. Айылда башталгыч класстар үчүн мектеп куруп беришсе деген маселени көтөрдү. Курултайга делегат болгон Таалайкан Бекматова, Жаңы-Жердеги айылдык ооруканада стационарный ачууга шарт жок, жок дегенде 2 бөлмө аялдар үчүн, 2 бөлмө эркектер үчүн болсо деген маселени айтып чыкты. Албетте мындан башка дагы ички жаңы конуштарга таза суу киргизүү, жарыктандыруу сыяктуу маселелер бар”,- дейт жергликтүү кеңештин депутаты Динара Абакова.
.
Эске салсак, Элдик Курултай 25-ноябрда өтөт. Ага ар бир айыл өкмөттөн экиден делегат катышат.
Турсун Омуралиева