Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдык мааракесине карата Казарман айылында республикалык төкмө акындардын айтышы өттү. Сөз өнөрүнүн таймашында баш байгени Жамайка Токонова жеңип алды.
Акындар Кыргызстанда тынчтыкты орнотууда чоң роль ойноп, маданияттын, каада-салттын жана тарыхтын сакчысы, ошондой эле чыр-чатакты жөнгө салууда ортомчу катары кызмат кылышат. Алардын таасири жөн эле көркөм өнөрдүн чегинен ашат: акындар …
Казармандагы Азирет Сыдыков атындагы маданият үйүндө “Саймалуу Таш санаты” аталыштагы айтышта 16 акын айтышып, тарыхый өрөөндүн улуулугун даңазалап, район элине өнөрлөрүн тартуулашты.
Майра Керим кызынын 60 жылдыгына арналган Кыргыз-Казак эл аралык айтышында Оттук айылынын кулуну Кутман Садыбакасов баш байгенин ээси боло алды. Айтышка эки мамлекеттен биригип, жалпы 16 төкмө акын катышышкан.