Математика сабагы боюнча өткөн облустук сынакта Ак-Талаа районундагы С.Атамбеков атындагы жалпы билим берүү мектебинин 11-классынын окуучусу Сейил Кайымбекова 1-орунду, ал эми Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектебинин 11-классынын окуучусу Арууке Батырбекова 2-орунду жеңип алышты.


Маалыматка караганда, «Аалам» мектеби тарабынан уюштурулган сынакка ага Нарын облусу боюнча 400дөн ашык окуучу катышып, Сейил Алымбекова 169,35, ал эми Арууке Батырбекова 157,7 упай топтогон.
Окуучуларды сыйлоо аземи Нарын шаарындагы Жаштар ордосунда өтүп, Сейил Кайымбековага ноутбук, «Маркумдар үнү» китеби, Арууке Батырбековага Айфон үлгүсүндөгү телефон, «Кызыктар дүйнөсү» китеби жана сертификаттар тапшырылды.
Даярдаган:Барчын Мамытбекова