Лейлек районунун Төө жайлоосунда 28-май күнү жалпы республикалык төкмө акындар арасында айтыш болду. Айтышка жалпысынан жыйырма төкмө акын катышты.
Айтыштын демөөрчүлөрү жалпы республикалык айтыш коомдук фонду жана СДПК саясий партиясы. Бул айтыш эки жылдан бери уланып келе жатат. Айтыш биринчи жолу 2015-жылы башталган эле.
Мурдагы жылы айтыштын байге фонду 500 миң сом болгон болсо, быйыл бир миллион сом болгон. Бул саамалыкты 2015-жылы Икрамжан Илмиянов баштаган эле. Бул саамалыктын катышуучусу, 2015-жылы болгон айтышта баш байгени утуп алган Идирис Айтбаев буларга токтолду.
“Негизи айтышка чыкканда жеңүү максатта эмес калың элдин купулуна толуу максатында чыгам. Ал эми байыган экинчи планда. Эгер насип кылса аласың, наисп кылбаса каласың. Анткени байгеге жетпей калсаң жүрөгүң ооруйт. Бата үчүн чыксаң ошончо элдин бирөөсү болсо да бата берет. Ошондуктан дайым сахнага чыкканда бата үчүн чыгыш керек байге үчүн чыкпаш керек. Элге нукура санат тартуулап берүү. Мен бул жерге мурдагы жылы да катышкам, анда баш байгени ажылыкка колдондук. Аллах таалам кыргыз журтумдан ушундай жакшы акындардан кур кыылбасын. Кыргыз элибиз акындарда таптап келген. Мен эң биринчи жолу сахнага 2014-жылы чыккам. Анда экинчи орун болуп калгам устатыма орун бошотуп бергем. Негизгиси мына эки жылдан бери кыргыз элине акын катары таралып жүрөбүз. Бирөө сени кийимиңе карап тосуп алып, билимиңе карап узатат. Ошондуктан акын деген көрөңгөсү терең инсан болушу керек”, — деген ойлорун айтты төкмө акын Айтбаев «Сумбула FM» жамааттык мультимедиа борборунун кабарчысына курган маегинде.
Бул айтышка Лейлек жергесинен чыккан таланттар да катышты. Алар Биз тобу, Самара Каримова, Бабаравшан Тургунбаев баштаган Лейлек таланттары катышты. Бул айтыштын уюштурулуусуна Сулайманкул Жанибеков өз ыраазычылыгын билдирди.
“Бул саамалык Лейлек жергесинде өтүп жаткандыгына СДПК саясий партисына терең ыраазычылык билдирем. Мындай айтыштар көп-көп болуп турушун”, — каалайм деди Жанибеков.
Бул майрамды көзөмөлдөө үчүн 90 милиция кызматкери иш алып барды. Акындар жамгырга карабай элге жылуу маанай тартуулашты. Айтышта өзүн көрсөтө алган акындарга диплом жана он миң сом акча берилди. Жарым финалга чыккан акындарга кырк миң сомдон берилди. Финалга чыккан акындарга 3-орунду ээлегендиги үчүн Азамат Болгонбаевке 70 миң сом, 2-орунду алган Амантай Кутманалиевге 100 миң сом, 1-орунду ээлегендиги үчүн Жеңишбек Жумакадырга 150 миң сом дипломдору менен ыйгарылды. Баш байгеге делген 300 миң сомду Аалы Туткучев жеңип алды.
Бул саамалыка 12 миңге чукул адам катышты.
Даярдаган: Нурислан Жанибеков
Сынак үчүн