Бул мезгилге чейин “Кулкунек” булагынын айланасы сел ташкыны астында калып, ыңгайсыз шарттарга кабылып тосулбай келген. Ага кыргыз жана тажик улутундагы биргелешкен ак сакалдар кеңеши өз каражаттарын жумшады.
Ак сакалдар кеңешинин мүчөсү Эгем Эсиркеев өз сөзүндө айыл өкмөттөн, же токой чарбасынан эч кандай каражат албаганын айтат.

“Бул “Кулкунек” булагынын айлана чөйрөсү тазалнды. Бул булак — ыйык булак. Жайлоого эс алууга келген адамдар дарылык үчүн ичип, сыйынып кетет. Ошондуктан адамдарга ыңгайлуу болушу үчүн эс алууа отургчтарды жасадык. Биздин айылда эки эл жашагандыктан достукта жашап, ынтымакта жашайлы деген максатта биз “Кулкунек — ынымактын булагы” деп атап койдук. Бул жумушту Сегизбаев Абдырахман, Ибрагимов Алипжан, Ашимов Кудурет болуп өзүбүз эле уюштурдук. Бул жумушка айыл өкмөттөн, токой чарбасынан эч кандай каражат албай, өзүбүз эле акча чогулттук», — деп айтты Эсиркеев.

Искра айылынын тургуну Мыктыбек Абдыгапаров мал кечип, булак бузулуп начар абалга келип калган убактар болгондугун экерди.
“Мына булактын курчалганы жакшы болду. Мал кирбейт, тазаланды, адамдар суун ичип, эс алып кете берет. Тосула элек убакта мал кечип, начар абалга келип калган убактар көп эле жолу болгон”, — дейт айыл тургуну.

Даярдаган: Данияр Бахридин уулу
Сынак үчүн