
(Суротто Ш.Джураев кочосунун тургундары. Сурот былтыркы архивден алынды)
Сулукту шаарынын Ш.Джураев айылынын (жергиликтуу тургундар «Камчатка» деп атайт) тургундары менен «Coal Group» Жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда кайрадан чыр чатак уланды. Буга себеп «Coal Group» жер астындагы комур кенин казуу максатында 26-май куну оор техникаларын алып келип иш баштаганыда болду. Бугун да жергиликтуу тургундар чогулуп, «Coal Group» менен оз ара кайым айтышуу болуп, окуя болгон жерге жергиликтуу бийлик ээлери да чакырылып, ошол окуя боюнча томонкудой репортаж:
«Биз жашап жаткан жерибиздин астындагы комурду каздырбайбыз. Мурда Сулукту шаарынын Ш.Джураев кочосундо №2-шахта жакта жашаганыбызда астыбыздагы комурду казып, жер кочуп, бизди азыркы Кошбулактын кун чыгыш жагына кочургон. Эми кайрадан биздин астыбызга комур казууга лицензия бериптир. Эгер оз каалоолору менен токтотпосо, Эл акыркы чарага барып калуусу мумкун»- дейт Ш.Джураев аймагынын айыл башчысы Н. Айжигитов.
«Мен Мамлекет учун Ооган жерине барып кан майданда согушуп келгем, мамлекеттин бизге кылаары ушулбу? Госкомгеологияны Сотко бериш керек, же мыйзам чегинде жергиликтуу бийликти кетириш керек. Анкени бири жердин устуно уй курууга уруксат берген, экинчиси жер астындагы комурду казууга уруксат берген. Экоонун бироосу Элди ойлобой озум билемдик кылып жатат. Эки жылдан бери кайрылбаган жерибиз калган жок. Президентке жазган катыбыз жеткен жок окшойт, жооп келген жок. Калган жактардан катты алдык, мыйзам чегинде териштирип жатабыз деген жооп келди.» болгону ушул. Бир катты териштиргенге бир жыл убакыт сарпталса анда аябай жетишип кетиптирбиз. Бизди эч ким укпаса озубузду озубуз коргой алабыз. Чон аталарыбыз курал кармап фашисттер менен согушуп коргогон, эми биз да коргойбуз. Бизде жигит адам эл учун жанын бериш керек деп тарбиялайт»- дейт интернационалист жоокер Жапаров Акрам аке.
«Coal Group» Жоопкерчилиги чектелген коомунун окулу Толкун деген жигит:-«Мен эмне кетирген чыгымга куйуп кала беришим керекпи? Мага атайын Госкомгеология лицензия берген. Мэрия жерди болуп берген. Мен комур казууну уланта беремин. Мыйзам чегинде меники туура дейт»
«Маселенин чоо жайын тактоо учун, жергиликтуу тургундардын суранычы боюнча, Сулукту, Баткен шаарлары, Лейлек, Баткен райондору боюнча мамлекеттик экотехинспекциянын башкы адиси Б. Джаникеевге арыз менен кайрылдым. Арызга официалдуу жооп алгандан кийин гана маселе боюнча айта аламын»- дейт Кошбулак аймактык башкармалыгынын башчысы Б.Э. Сапаркулов.