Үч-Коргон айыл аймагындагы Пушкин атындагы №6 орто мектебинде акыркы коңгуроо майрамы белгиленип, анда мектеп директору Рано Абидова окууну мыкты аяктагандарга мактоо баракчаларын тапшырды.
Ага мектеп окуучулары, бүтүрүүчүлөр, ата-энелер, эмгек сиңирген мугалимдер, милиция кызматкерлери жана мектепти 5,10,20,30 жыл мурда бүтүргөндөр катышты.
Мектепти мурда аяктагандар өзүлөрүнүн белектерин берип, куттуктап кетишти. Бүтүрүүчү класстардын ата-энелери мугалимдерге ыраазычылыгын билдиришти.
Белгилеп кетсек, А.С.Пушкин атындагы орто мектепте жалпысынан 1000 окуучу билим алса, алардын 68и мектепти аяктоодо.![DSC_0912[1]](http://uchkorgon.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/6/2016/05/DSC_09121.jpg)
Даярдаган: Пардаева Мохира, Маманазорава Дилноза.
Сынак үчүн
КМ