Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги билим берүү уюмдарында өткөрүлүүчү “Акыркы коңгуроо” салтанатына байланыштуу акча каражаттарын чогултууга жана мектептен тышкаркы иш-чараларга тыюу салынарын эскертти.

Министрликтин маалыматына ылайык, бул чаралар коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу, ата-энелерге кошумча материалдык басым көрсөтүүгө жол бербөө жана билим берүү тармагындагы ачык-айкындуулукту камсыз кылуу максатында кабыл алынган.
Агартуу министрлигинин №593/1 буйругуна ылайык төмөнкүлөргө тыюу салынат:
— “Акыркы коңгуроо” иш-чарасын өткөрүү үчүн акча чогултуу;
— мугалимдерге жана мектеп администрациясына белек алуу үчүн каражат топтоо;
— мектептен тышкаркы иш-чараларды уюштуруу;
— ата-энелерге материалдык басым көрсөтүү.
Мындан тышкары, министрлик 29-майда өтө турган “Акыркы коңгуроо” салтанатында коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырды.
Атап айтканда, жашы жете элек өспүрүмдөрдүн унаа башкаруусуна жол берилбей турганы белгиленди.
Агартуу министрлиги ата-энелерди жана бүтүрүүчүлөрдү балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга үндөдү.