Токтогул шаарында аймактын билим берүү жана туризм тармагы үчүн тарыхый мааниге ээ окуя өттү. Франциянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Фай расмий иш сапары менен Токтогулга келди.

Ачылган жаңы борбор заманбап технологиялар жана алдыңкы педагогикалык куралдар менен толук жабдылган. Бул жерде төмөнкү багыттар боюнча иш алып барылат: Француз тили курстары: Жергиликтүү тургундарга жана жаштарга тил үйрөтүү. Саякатчыларды кесипкөй деңгээлде тосуп алуу үчүн келечектеги гиддерди (жол көрсөтүүчүлөрдү) окутуу. Франция менен Токтогул аймагынын ортосундагы маданий, билим берүү жана экономикалык байланыштарды өнүктүрүү.

Расмий аземден кийин элчи Николас Фай Токтогулдагы өзгөчө жайлардын бири — «Chaar Ranch» (Чаар Ранчосуна) барды. Бул жерде сейрек кездешүүчү чаар аттардын тукумун сактоого жана даңазалоого арналган «Chaar Appaloosa Foundation» эл аралык долбоору ишке ашууда. Ассоциациянын башкы кеңсеси Францияда жайгашкан. Ал маданият, искусство жана атчылык мурасы аркылуу Кыргызстанды дүйнө жүзү менен байланыштырат.

Ранчодо аттар өздөрүнүн табигый чөйрөсүнө жакын, эркин жайылып, үйүр шартында жашашат. Чаар ат өстүрүүчү Мунарбек Кулданбаев конокторго чаар аттардын келип чыгуу тарыхы, ассоциациянын ишмердүүлүгү жана ранчонун келечектеги пландары тууралуу кеңири маалымат берди.

Учурда «Chaar Ranch» базасында аттардан, тоо жаратылышынан жана көчмөн эстетикасынан шыктанган, визуалдык искусствого арналган өзгөчө чыгармачылык мейкиндик акырындап калыптанууда. Сапар учурунда коноктор адатта тынч жана адам буту аз баскан ранчого келген көпчүлүктү таң калуу менен карап турган уникалдуу чаар аттарды жакындан көрүп, суктана алышты.
Бул кызматташтык Токтогул районунда экологиялык жана маданий туризмдин жаңы барагын ачат.

Даярдаган: Азема Сабырбекова