Түп районуна караштуу Тасма айылынын тургуну Сагынай Осмонакунова тигүүчүлүк менен алектенип келет. Осмонакунова тиккен кийимдерин айылдагы дүкөнгө коюп өткөзөт.
Сагынай Осмонакунова тигүүчүлүккө өзүнүн шыгы болгондугун жана тигүүчүлүктүн окуусун бүтүп сертифкат алганын баса белгилеп төмөндөгүлөрдү билдирет.
«Мен бул тигүү менен акыркы 10 жылдан бери алектенип келем. Негизинде өзүм да кызыкчумун, окуусун да бүткөм. Азыр болсо келиндерге, кичине балдарга жылуу кармоочторду тигип, дүкөндөргө өткөзүп жатам. Мунун себеби үй-бүлөлүк бюджетти көтөрүү», — деп билдирет Осмонакунова.
Ал эми сатуучу Нүргүл Кендирбаеванын айтымында, тиккен кийимдери жакшы жана кардарларга да жагып жатат.
«Сагынайдын азыркы тигип жаткан кийимдери, кудайга шүгүр, жакшы. Кардарларга жагып жатат. Кичине балдарга, келиндерге жакшы жылуу болот экен. Келиндерге тиккендери 500 сом, орто жаштагы кыздар үчүн 300 сом, ошондой эле кичине балдардыкы 200 сомдон сатылат», — деп билдирет соодагер Нүргүл Кендирбаева.
Айыл тургуну Элмира Саадабаеванын айтуусунда, айылдын уузу Осмонакунованын тиккен кийимдери сапаттуу.
«Азыркы Сагынай эженин өткөрүп жаткан кийим-кечектери жакшы. Өзгөчө келиндерге узун болуп жакшы болуп жатат. Ал эми кичине балдарга да жакшы жумшак, жылуу болуп. Негизинде сапаты жакшы», — деп билдирди кардар Саадабаева.
Даярдаган: Айдана Саякова
Сынак үчүн
НС