“Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык, элдин эс алуусуна жагымдуу шарт түзүлдү.
Экологияга кам көрүү максатында Сары-Булуң айыл аймагынын коомдук жайларына, спорт аянтчаларына жана эл эс алуучу жайларына желим бөтөлкө салгычтар орнотулуп камсыздалды.
Бул туурасында Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысы Марлис Олжотоев билдирди.
Эвелина Жумабекова