Биринчи июнь дүйнөлүк балдарды коргоо күнүнө карата Суусамыр айылынын тургундары мектеп жашына чейинки балдарга салтанаттуу иш чара өткөрүштү. Кичинекей коноктор үчүн оюн-зооктор уюштурулуп, белексиз бөбөк калган жок. Иш-чаранын соңунда ар бир келген коноко балмуздактар таратылды.
Кичинекей конокторго Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинин бүтүрүүчү классы дагы көмөктөшүп, ар кандай формалары менен кызыктырышты
Конокторго атайын фото зона жасалды
Оюндардын жеңүүчүлөрү ар кандай белектер менен сыйланышты
Иш-чаранын соңунда уюштуруучулары менен маек курдук:
— Саламатсызбы
— Саламатчылык
-Бул иш-чараны уюштуруу идеясы кайдан келип чыкты?
-Иш-чараны уюштуруу идеясы ата-энелер менен группа түзүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн жыйынтыгында келип чыкты. Ойлонуп айылда көп нерсе мектеп жашындагы балдар үчүн уюштурулат экен, бирок мектеп жашына чейинки балдар үчүн эч нерсе жок экен. Биз айыл жери болгондуктан бизде балдар үчүн парк дагы жок мүмкүнчүлүк чектелүү. Ошонун негизинде мектепке чейинки балдар үчүн биз эмне кыла албыз деген суроо жаралып, анан ушу идея келип чыкты.
-Иш-чараны ким каржылады?
-Иш-чара ата-энелер тарабынан каржыланды, бир үйдө канча бала болбосун жүз элүү сом берип кирип жатышты. Мисалы эгер үйдө үч же төрт бала болсо деле жүз элүү сом менен эле киришет. Андан тышкары айылдын ичинен спонсорлор дагы болду, алар оюндардын приздерин алып берип, же акчалай берип жатышты.
-Кеченин программасы кандай болду?
-Программага кайрылсак, биринчи эле «Мыкты костюм» деген сынак болду, кийин балдарды сүрөт тарттырдык, бийлеттик, анан Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинин бүтүрүүчү классы келип, жомоктордун каармандарынын костюму менен балдарды ар кандай оюн зооктор менен сүйүндүрүштү. Мүмкүнчүлүктөн колдонуп мектептин директору Азамат Кашкариев агайга дагы ыраазычылыгымды айткым келди.
-Алдыда дагы ушундай иш-чараларды уюштуруу планда барбы?
— Ооба албетте бар себеби бул иш-чара өзүбүзгө дагы абдан жакты, себеби бүткөндөн кийин көптөгөн ата-энелер келип ыраазычылыгын айтышып, кылган эмгегибиздин үзүрү кайтты деп ишенем. Алдыда дагы көптөгөн идеяларыбыз бар, аларды дагы ишке ашырабыз деген ишничтебиз.
-Маегиңизге размат!