Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн айыл башчысы Бердибек Беделов Кыргыз- Түрк Манас университетинин өкүлдөрү менен жолугушту. Аталган окуу жайдын профессорлору менен бул жолугушууда калкка кызмат кылуу максатында айыл чарба, медицина жана дин таануу багытында көмөк көрсөтүү жаатында сүйлөшүүлөр жүрдү.
Кыргыз- Түрк Манас университетинен келген өкүлдөр айыл чарба, ветеринардык жана теология факультетеринин декандары Жаңы-Жер айылынын тургундары арасында ден соолугунан жардамга муктаж адамдарга медициналык кеңештер берилип, айыл чарба багытында жаңы технологиялардын ыкмалары жөнүндө илимий деңгээлде маалыматтар менен кабардар кылышты.
Буга чейинки маалыматты алдын ала Жаңы-Жер айылынын тургуну, Манас университетинин мугалими Шахимардан Орунбеков айыл элинин WhatsApp, Telegram жамааттык группаларына жөнөткөн:
“2022- жыл 28- май ишемби күнү саат 11:30 -13:00 арасында Кыргыз Түрк Манас университети жана Жаңы Жер айыл өкмөтүнүн айыл башчысы Беделов Бердибек мырза менен калкка кызмат кылуу максатында айыл чарба, медицина жана дин таануу багытында көмөк көрсөтүү жаатында Жаңы Жер айылынын тургундары менен жолугушуу өткөрүлөт. Жолугушууда ден соолукка байланыштуу жардамга муктаждарга медициналык кеңештер берилет. Ошондой эле айыл чарба багытында жаңы технологиялардын ыкмалары жөнүндө илимий деңгээлде маалыматтарды тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.
Айыл башчысынын аталган университетибиз менен тыгыз байланышта болгондугу үчүн алдын ала ыракмат айтабыз. Мындан ары жаштарды университетибиздин ар тармактуу факультеттеринде окуусуна жолдомо көрсөтүлөт. Жасала турган бул иш чара карапайым калкка өтө пайдалуу болот деген ишенимдебиз.
Бул иш чара Кыргыз Түрк Манас Университетибиз тарабынан алгачкы жолу уюштурулуп жатат.
Урматтуу Беделов Бердибек мырза сизди жаңы кызмат ордунуз менен чын дилибизден куттуктайбыз. Буйурса сиздин калкка кызматтарынызда ийгиликтерди каалайбыз.
Сизди терең урматтоо менен Манас университетинин мугалими Орунбеков Шахимардан”.
Турсун Омуралиева