Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43 Кесиптик лицейи Бишкек шаарындагы Эмен паркында адистиктердин жана кесиптердин фестивалына катышууга мүмкүнчүлүк болду. Бул иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, министрдин орун басары Расул Авазбек уулу, колледж, лицейлердин өкүлдөрү жана мектеп бүтүрүүчүлөрү катышты.
Фестивалда №43 кесиптик лицейдин жамааты өздөрү өндүргөн этно стилдеги кол өнөрчүлүк буюмдарын, тиричилик шаймандарын, “Этнокейтеринг” адистигин окутуудагы даярдалуучу улуттук тамак аштары менен жарнак чатырларын жасалгалап, абитуриенттерге окуу жайдын багыттары жана адистиктеринин артыкчылыктары тууралуу жеринде маалымат беришти.
Билим берүү жана илим министири Алмазбек Бейшеналиев фестивалга келген катышуучулар менен баарлашып, бүтүрүүчүлөргө кеп-кеңешин берүү менен максаттарына жетүүдө ийгиликтерди каалады.
Учурда өлкө жумушчу кесиптерге муктаж болуп тургандыктан, 9-класстын базасында кабыл алынгандардын окуу мөөнөтүн үч жылдан эки жылга кыскартуу жана окуу программасында кесиптик даярдоого көбүрөөк убакыт бөлүү керектиги айтылды.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кесипти туура тандоонун маанилүүлүгүн белгилеп, алдыда айрым кесиптер актуалдуулугун жоготуп, миллиондогон адамдар жумушсуз калып калуусу мүмкүн, андыктан бүгүнкү саамалык кесип тандоо алдында турган мектеп окуучулары үчүн мыкты аянтча болуп берет деди.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу Бишкекте валидация жана сертификация борборлорун уюштуруу сунушталып жатканын билдирди.
Айта кетсек, фестиваль Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Секторду өнүктүрүү программасы: инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун алкагында уюштурулуп, өлкөнүн бардык аймагынан 12 колледж жана 19 кесиптик лицей катышты.
Турсун Омуралиева