Кадамжай районундагы Үч-Коргон айылында Гемодиализ борбору 2018-жылдан бери иштейт. Борборго күнүнө гемодиализ алуу үчүн 20-25 бейтап кайрылат. Башында бүткүл Баткен облусу кайрылган болсо, андан кийин Баткен шаарында филиалы ачылган.
Сардор Муйдинов бул борбордо 4жылдан бери иштеп келет. Дарыгер иш тартиби тууралуу айтып берди:
«Биз 3 смена болуп алмашып иштейбиз. 1-смена саат 7 ⁰⁰- 11⁰⁰го чейин , 2-смена саат 12ден кечки 4кө чейин, ал эми 3-смена кечки саат 5тен 9га чейин иштейбиз. Биз майрамдарга карабастан,жумасына 6 күн иштейбиз жана жекшемби күнү эс алабыз. Бирок бейтаптын абалы оорлошуп калса, дем алышка карабай келип ага керектүү процедураларды жасайбыз».
Гемодиализ борборуна бейтаптар эки күндө бир жолу 4 саат жатып дарыланып кетишет. Алардын бири Абдыкаар Токуров бугун дарыланып жаткан учуру.
«Мен башында бөйрөктөрүм ооруп баштаганында гемодиализге келүүдөн коркуп, баш тартып жүргөн элем. Бирок бара- бара гемодиализге келүүгө аргасыз болдум. Гемодиализге 2 жылдан бери каттайм. Гемодиализ мен ойлогондой эле коркунучтуу эмес экен. Борбор жөнүндө айта турган болсом, биринчи эле оорукана кызматкерлерине ыраазычылык билдирем, анткени алар адамкерчиликтүү жана бейтаптардын көңүлүн көтөрүп жакшы тейлешет. Дарыгерлер жада калса майрамдарды дагы эстен чыгарбай куттуктап турушат».
Дарыгердин айтымында гемодиализге түшүп калбоо үчүн биринчи ирээтте ден соолукка көз каранды болбоо керек жана бөйрөктөрдү сактоо зарыл. Бөйрөк ооруларынын дээрлик 90 пайызы алкоголь менен тамекиден келип чыгыт. Бөйрөккө ошонун эсебинен коп сандаган токсиндер барат. Бөйрөк оорусунун себеби, мына ушул терс адаттар экендиги аныкталган. Алар менен күрөшүүдө бөйрөк үч эсе көп күч жумшашын айтып кетти. Эн негизи эле мындай коркунучтуу жагдайдын алдын алуу учун алгач бөйрөктү иштен чыгаруучу көнүмүш адаттардан арылуу керектигин билдирип кетти.
Райхан Хашимова