«Тынчтык» корпусунун «Жаңы муун» долборунун алкагында, «Соң-Көл» орто мектебинен 10 окуучудан куралган «Келечек» командасы 6-7-класстар аралык «Акыл ордо» таймашын өткөрүштү.
«Акыл ордо» таймашы жалпы 2 турдан өттү. Оюнга 3 команда, 4 окуучудан катышты. Биринчи тур «Kahoot» программасы менен болуп өттү. Экинчи турга 2 команда өттү.
«Бул долбоорду мен өткөргөн жокмун бул долбоорду «Келечек» деген 10 баладан турган топ түзүлгөн «Жаңы муун» долбоорунун алкагында болгон. Ал «Жаңы муун» долбоору «Тынчтык» корпусу тарабынан уюштурулуп ошо окуучуларга долбоор жазууну үйрөттү. Өткөн жылы англис тил жумалыгында англис тилде өткөргөм да, кыргыз тилинде «Акыл ордону» көрө элек болчумун билбейм мүмкүн өткөрүп жатышкандыр», -дейт Асель Шаршенбек кызы.
«Акыл ордо» окуучулардын аң-сезимин, тапкычтыгын, ой жүгүртүсүн, ыкчамдыгы өстүрүчү жакшы конкурус болуп эсептелет. Буга көз карашым абдан жакшы мындай конкурстар дагы көп-көп уланып болуп туруш керек. Бул окуучуларга жакшы таасир берет деген ойдомун. «Акыл ордо» жакшы өттү биздин окуучулардын даярдыктары абдан жакшы экен. Көптөгөн логикалык суроолорго жакшы деген баа менен жооп берди деген ойдомун. Эң жакшы деген бааны бере алам», -дейт мектеп директору Адылбек Назаров.
«Келечек» командасынын мүчөсү Айпери Алмазбек кызы: «Акыл ордо аябай жакшы болду деген ойдомун анткени аябай кызыктуу болду 6-7 класстар аралыгында окуучулар катышып алар командалары менен иштешип kahoot программасы менен иш чара өткөрдүк баардыгына жакты деген ойдомун.
«Жаңы муун» долбооруна Асель эжейдин артынан катышкам «Жаңы муун» долбоорунун праектисине катышып ошол жакта өзүңдүн долбооруңду жазганды үйрөндүк. Ошол праектинин аркасынан «Акыл ордону» түздүк ал праектиде он окуучу чогуу бир команда болуп иш алып бардык», -дейт.
Акыл ордо катышуучусу Нуркалый Эркинбек оюн тууралуу өз оюн айтты:
«Толкундануу сезимдери болду алгач өзүмдүн билимимди текшерейин дедим канчалык деңгээлде билет экенимди».
Жасмин Мырзабекова, Алина Асангазиева