Ак Талаа райондук Н.Абдрахманов атындагы балдар музыкалык мектебинин мугалимдер жана окуучуларынын жыйынтыктоочу отчеттук концерти өттү.
Концерт 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата даярдалып, музыкалык мектептин окуучуларынын ата энелери, айыл өкмөттүн, райондук администрациянын өкүлдөрү жана жалпы күйөрмандар катышты. Алар комузчулардын, аккордеонисттердин, хор, ыр-бий ийримдеринин, темир комузчулар ансамблдеринин жана жеке аткаруучулардын өнөрлөрүнө күбө болушту.
Мындан сырткары, жакында Кочкор районунда өткөн «Жаш музыкант -2022» музыкалык мектептер аралык жыл сайын өтүүчү сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар жана мектептин 11 бүтүрүүчүсүнө грамоталар жана күбөлүктөр тапшырылды.
Музыкалык мектептин директору Венера Артыкбаеванын айтканына караганда музыкалык мектептин мугалимдер жана окуучулар жамааты райондогу маданий иш-чараларга, сынактарга жигердүү катышып, ийгиликтерди жаратып келишет.
«Мектепте алты бөлүмдө, 125 окуучуга 21 мугалим, 125 окуучуга, музыкалык билим берет. Жаш муундарга, өнөрлүү жана таланттуу окуучуларга исскуство өнөрүн таанытууда ийгиликтүү эмгектенип келишет. Жыл сайын мектепти ондогон окуучулар бутүрүп чыгышат. Быйыл дагы 11 окуучуну музыкалык мектепти аяктады» деди.
Барчын Мамытбекова