«Соң-Көл» орто мектебинин 6-3-класстар жана «Фаризат» бала бакчасы 1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата чакан концерт коюшту.
Сабира Сарыгулова маданият кызматкери: 1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата өткөрүлгөн «Балдар биздин планетанын келечеги» аттуу чакан концерти ачып берди.
«Соң -Көл» айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Сүйүндүк Табалдиев балдарга куттуктоо сөзүн айтты.
Сүйүндүк Табалдиев мүнкүнчүлүгү чектелген балдарга чакан таттуусун ыйгарды
Окуучулар балдардын көңүлүн көтөрүү үчүн алгач аларга ыр тартуулашты.
6-класстын окуучулары кыргыз бий бийлешти
Таланттуу окуучулар дует да аткарышты
«Фаризат» бала бакчасынын орто тайпасынын балдары да өз таланттарын тартуулашты
Жаш бөбөктөр да кыргыз бийин унутта калтырган жок
Комуздун коштоосу менен ыр дагы ырдашты
3-класстын окуучу кыздары кыргыз бийин бийлешти
Кичинекей бөбөктөр заманбап бий дагы тартуулай алышты
Концерттин аягында өзүнүн ыктыярдуулугу менен Салтанат Абласова балдарга 100 балага бал муздак таратты. Айыл өкмөттү 30 балмуздак тараткан.
Айпери Мелисбек кызы, Мырзайым Конокбаева, Мирадир Дүйшөнбеков, Алишер Кубанычбеков
676