Т.Кулатов айыл өкмөтүндөгү Абшыр-Сай айылындагы ФАПтын курулуш иши аяктап, ачылуу аземи өткөрүлдү. Айыл өкмөт тарабынан 1,5 млн сом акча каражаты жана 2 тонна цемент бөлүндү. Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы демөөрчүлүк көрсөттү.
«Абшыр-Сай айылындагы ФАПтын эскилиги жетип калган эле. Ашар жолу менен курулган ФАП болчу. Эскилиги жетип, айыл эли муктаж болгондуктан жаңы ФАП салынды. Заманбап үлгүдөгү, баардык шарттары менен камсыздалган. Кышында атайын жылуулаткычтар, жылуу суу, муздак суу бардык шарттар каралган. Айыл өкмөт тарабынан 1,5млн сом акча бөлүндү. Элдин суроолоруна ылайык 2 тонна цемент алып бердик. Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы демөөрчүлүк көрсөтүү. Сауд Аравиядан бөлүнгөн акчаны алып келип, Мухаммед Маадынын өкүлдөрү келип ачылуу аземине катышты. Аларга элдердин атынан, айыл өкмөттүн атынан ыраазычылыгыбызды билдирдик. Аларга ыраазычылык каттарды берип, мындан ары да жардам берүүсүн суранып кеттик».
«Биздин айыл өкмөттө жалпы 5 ФАП бар. 5 ФАПтын баары жаңыланып, эң эскилиги жеткен ушул ФАП болчу. Жаңы ФАП баардык шарттары менен камсыздалган. Айылда 4000 миң калк жашашса, алар ушул ФАПка муктаж болчу. Жакшылыктарга гана кызмат кылган болсун. Дайым эмдөөлөргө иштеп турсун. Жетекчилерге, демөөрчүлөргө ыраазычылык билдиремин. Элдин уюшумдуулугуна да баа бердим».
Чынара Көчкөнбаева