Бүгүнкү күндө Нарын районуна караштуу Оттук айылында тургундар сүттү литрин 24 сомдон сатып жатканы маалым болду. Бул күнүмдүк эле көрүнүшпү же болбосо сүттүн баасы арзандап жатабы?
Оттук айылынын тургуну жана сүт алуу менен ишкерлик кылган Бакыт Иманкулов сүттүн баасы тууралуу төмөнкүлөрдү айтат:
«Сүттү баасы анын майлуулугуна жараша болот. Азыркы учурда литри 24 сомдон алып жатабыз. Сүт арзандап жаткандын бирден бир себеби, анын экспорттолбой жаткандыгы. Мындан ары сүттүн баасы качан кымбаттаарын билбейбиз».
Кыш мезгилинде айыл тургундары сүттү 30 сомдон өткөрүп турушчу. Ал эми жаз мезгилинин келиши менен жайлоого кеткендердин саны көбөйөт. Ал жактан сүттү өзүн өткөрүп жибербестен, андан бир нече азыктарды жасап саткандар да болот. Оттук айылынын тургуну Алтынай Алмазбекованын айтуусунда чөптүн жоктугунан улам уйлар аз сүт берүүдө.
«Биз кыштоого, жайлоого жайлап сүт сатабыз. Жолдошум жаз мезгилинде кыштоодо болгондуктан арчалуу кыштоосунан кара жолдон 2-3 чакырым алыс жерден ат менен күн алыс сүт ташып сатабыз. Сүттүн баасы кыш мезгилинде 30 сом болсо, жаз мезгилинен тарта 26-24 сомго төмөндөдү. Ошондуктан жакын арада жерге көк чыгып, уйларыбыз тоюнса, уйлар көп сүт бере баштайт эле. Уйларыбыз көп сүт бере баштаса сеператордун жардамы менен сүт тартып, айран уютуп, сүзмө куюп, каймак- май, курут, чөбөгө жазап алектенсекпи деген жакшы ойлорубуз бар. Сүт тарткан көп эмгекти талап кылганы эле болбосо, пайдасы жана кирешеси айыл тургундары үчүн эң жакшы нерсе«,- дейт Алтынай эже.
Айылда сүт менен алектенүү айрым тургундардын көйгөйүн чечет. Сүттөн түшкөн акчага азык-түлүк, кийим кече алууга болот. Натыйжалуу ишкерлик кылүү үчүн айыл тургундары атайын сүт багытындагы уйларды багуу менен сандан сапатка өтүүсү маанилүү.
Гулнара Кенжеш кызы