Токтогул районуна караштуу, Камыш-Башы айылы таза суу менен камсыз болууда. Камыш-Башы айылынын тургундарынын көп жылдык тилеги орундалып, бүгүн 300 кожолукту таза суу менен камсыз кылуу иштери башталды.

Бул чоң иштин башында жана ийгиликтүү ишке ашуусунда айыл аксакалы Эстебес Бакиевдин салымы зор. Ал элдин ишенимине ээ болуп, төрт жолу катары менен Кыргыз Республикасынын Элдик Курултайына делегат болуп шайланып барган. Эстебес ата ар бир барган сайын Камыш-Башынын суу маселесин тайманбай көтөрүп, элдин үнүн Президентке жана тиешелүү министрлерге жеткирип келди.
Көптөн күткөн жыйынтык 2022-жылдан берки тынымсыз аракеттердин натыйжасында, 2026-жылы айылга таза суу келүүдө. Таза суу проектисинин жетекчиси Алиев Акжолдун катышуусунда алгачкы иштер башталды. Көп жылдык мээнетинин акыбети кайтып, айылына суу чыгып жатканына Эстебес Бакиевдин кубанычында чек жок.

«Таза суу — өмүр булагы. Биздин көйгөйдү мамлекеттик деңгээлге чейин жеткирип, суунун келишине себепчи болгон Эстебес атабызга жана колдоо көрсөткөн жетекчилерге терең ыраазычылык билдиребиз», — дешет айыл тургундары.

«Токтогул районунун элинин жана өзүмдүн атымдан аймагыбыздагы курч маселелердин бири — таза суу көйгөйүн чечүүгө түздөн-түз салым кошкон инсандарга рахмат. Региондорду өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жаткандыгы үчүн мамлекетибиздин Президенти Садыр Жапаров Нургожоевичке, облус жетекчилиги Тилек Текебаев, тиешелүү министрликке жана райондук администрация башчысы-аким Акылбек Тюкебаев. Ошондой эле, КР Министрлер Кабинетине караштуу Курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Суу менен камсыздоо жана сууну четтетүү департаментинин (УКС) директору Мирлан Сабырбековичке; Облустук таза суу боюнча тейлөө кызматынын жетекчиси Долдоев Таалайга ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин талыкпас эмгегиңиздердин натыйжасында, бир айдын ичинде 300 үй-бүлө таза суу менен камсыз болот. Бул — элдин ден соолугу жана бакубат жашоосу үчүн жасалган чоң кадам» дейт айыл аксакалы Эстебес Бакиев.
300 кожолуктун батасы менен башталган иш кайырлуу болсун. Эми ар бир үйдө таза суу агып, айылдын келечеги кең болсун.
Даярдаган: Азема Кудуева