Токтогулда кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча масштабдуу иш-чаралар өтүлүп жатат. Токтогул районунун Үч-Терек, Торкен, Кетмен-Дөбө айыл өкмөтөрүндө мектеп окуучулары жана ата-энелердин катышуусунда өспүрүмдөр арасындагы укук бузууларды алдын алууга багытталган маанилүү жолугушуу болду.

Бул иш-чара Жалал-Абад облусунун прокурору Т. Ишеналиевдин “Кылмыш бир мүнөттө башталат, кесепети узакка созулат” аттуу көрсөтмөсүн аткаруу алкагында, Токтогул районунун прокуратурасы тарабынан демилгеленди. Иш-чарага райондун прокурору Б. Абыкеев баш болгон тиешелүү жетекчилер: райондук ИИБдин башчысы, билим берүү бөлүмүнүн, социалдык камсыздоо башкармалыгынын өкүлдөрү, райондун имамы жана жергиликтүү бийлик кызматкерлери катышты.
Мындай кеңири курамдагы жолугушуу көйгөйдү чечүүдө коомчулуктун бардык катмарларынын биргелешип иштеши маанилүү экенин дагы бир ирет тастыктады. Күндүн алгачкы бөлүгүндө Үч-Терек айыл өкмөтүндөгү 5 орто мектептин 9-11-класстарынын окуучулары катышкан жөө жүрүш уюштурулду. Жаштар “Биз кылмыштуулукка каршыбыз!” деген ураан алдында басып өтүшүп, курбуларын жана чоңдорду мыйзамдуулукту сактоого чакырышты. Жолугушуунун жүрүшүндө өспүрүмдөрдүн тарбиясы, жоопкерчилиги, эрте никеге туруунун кесепеттери жана зордук-зомбулукка жол бербөө маселелери талкууланды. Өзгөчө, “Тагдырды өзгөрткөн бир кадам” аттуу видеоролик окуучуларга катуу таасир калтырып, бир катачылык бүтүндөй өмүргө доо кетирерин айкын көрсөттү.
Иш-чаранын соңу интерактивдүү викторина менен коштолду. Анда окуучулар өздөрүнүн укуктук билимдерин, тапкычтыгын жана активдүүлүгүн көрсөтө алышты. Өзгөчөлөнгөн окуучуларга уюштуруучулар тарабынан атайын сыйлыктар жана баалуу белектер тапшырылды. Бул иш-чара өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту азайтууга жана жаш муунду жоопкерчиликтүү инсан катары калыптандырууга чоң салым кошору шексиз.

Даярдаган: Азема Кудуева