Кочкор районунун айылдарынын ички жолдорун оңдоого, ирригация маселесин чечүүгө, элет элинин негизги көйгөйлөрүн жоюга шарт түзүлдү. Ал үчүн Кочкор районуна заманбап грейдер, погрузчик, цемент куйгуч жана чоң жүк ташуучу HOWO маркасындагы унаалар келди.
Жаңы атайын техникалардын келиши- бул аймактын инфраструктурасын өнүктұрүүгө жана көптөгөн айылдын маселелерин чечүүгө багытталган маанилүү кадам болуп эсептелет. Маалыматка ылайык, техникалар «Таза Мекен» ишканасынын колдоосу менен келген. Бул компания Кочкор районунда көптөгөн кайрымдуулук иш-чараларды жана Нарын облусунда жолдорду оңдоо, социалдык объекттерге жардам берүү боюнча бир топ долбоорлорду ишке ашырып келет. «Таза Мекен» ишканасынын башкы директору Ормон Нурбек уулу «Элге кызмат кылуу» идеянын алкагында жыл сайын Тогуз-Торо, Жумгал, Балыкчы, Кочкордо 400 чакырымга жакын жолдорду оңдоого, 100дөгөн каналдарды тазалап, цемент менен бекемдеп, асма көпүрө курууга иш башташты.

Жогорку Кеңештин депутаты Адилет Белеков техникаларды тапшыруу учуру
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Адилет Белеков , Кочкор районунун акимдин орун басары Талгар Исаев жана жергиликтү эл өкүлдөрү катышты.
Даярдаган: Нурия Карымбаева