Бүгүн академик жана коомдук ишмер, Жамин Акималиевдин 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чара анын кичи мекени Баетов айыл аймагына караштуу Үгүт айылында өттү.
Ага Ж.Акималиев үй-бүлөсү менен, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме жетекчилери, айыл аксакалдары катышты. Иш чара алгач академиктин өмүр-жолун чагылдырган театралдык көрүнүш тартууланып, андан соң видео баян көрсөтүлдү.


Келген коноктор жана замандаштары сөз сүйлөп, Ж. Акималиевдин коомдук-саясий турмуштагы ордуна, айрыкча айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымына өзгөчө токтолушту. Иш-чаранын жүрүшүндө анын урматына обондор жаңырып, эскерүү сөздөр айтылды.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова