Кочкор айылындагы Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп- гимназиясында кичи футбол талаасы ачылды. Иш-чара Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү менен жана расмий коноктордун катышуусунда салтанаттуу өттү.
Айылдын жашоочулары, жаштары, мугалимдер, окуучулар бул саамалыкка кубанычы койнуна сыйбай турган кези. Бул тууралуу Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясында көп жылдан бери эмгектенип келген физика сабагынын мугалими Айчүрөк Жумабаева өз ой пикири менен бөлүшүп кетти.
Мектепте буга чейин атайын футбол аянтчасы болбогондуктан, окуучуларыбыз чаң жана топурак болгон талаада ойноп келишкен. Эми балдарыбыз таза жерде ойноп калышты, мектеп үчүн дагы жакшы иш болду. Балдар спортко көңүл буруп, алдыга чоң кадам таштоого чоң мүмкүнчүлүк түзүлдү», — дейт Айчүрөк Жумабаева.
Бул ишке демилге көтөрүп, мектеп-гимназиясынын спорт аянтчасына кичи футбол аянтчасын куруу үчүн көп күчүн жумшаган Кочкор райондук Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынчтыкбек Турсуналиев төмөнкүдөй маалымат берди.
2021-жылы «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомуна Кочкор айылындагы Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясынын спорт аянтчасына кичи футбол аянтчасын куруу сунушу менен кайрылганбыз, биздин сунушубузду колдоп кичи футбол аянтчасын курууга 1 500 000 ( Бир миллион беш жүз миң) сомго демөөрчүлүк көрсөтүштү. Өздүк салым катары калган 918 436 ( тогуз жүз он сегиз миң төрт жүз отуз алты) сомду Ормон хан айыл өкмөтүнөн бөлүнүп берилди. Куруу иштерин ОсОО » Өмүркары» уюму тарабынан аткарууга алынып, 27-январь 2024-жылы пайдаланууга берилди.
Мурдагыдай чаң жерде ойнобой, таза футбол аянтчасында ойнойбуз деп сүйүнүп жатам. Эми өзүбүзчө класстар аралык футбол боюнча мелдештерди уюштуруп, ойноп турабыз. Кышкысын дене тарбия сабагын спорт залда өтпөй таза абага чыгып ойнойбуз», — деген кубанычы менен 5-классынын окуучусу Нурбол Мамаев бөлүшүп кетти.
Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Эрмекбай Омошев, «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун өкүлү Тыныбек Аманатович мугалимдерди, окуучуларды кичи футбол аянтчасынын ачылышы менен куттукташты.
Кичи футбол аянтчасы боюнча Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясынын директордун милдетин аткаруучусу Кундуз Осмонова кийинки маалымат берди.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын» 46-беренесинин негизинде чыккан буйруктун негизинде, мектеп-гимназияга тиешелүү жер бөлүнүп берилген.
2023-жылдын сентябрынан тарта футбол аянтчасынын куруу иштери башталган. 27-январь күнү пайдаланууга берилди.
Канайым Мирланова, Акбермет Жеңишбекова, Мырзайым Төлөбекова