2006-жылдан бери “Алина” кафесин иштетип келе жаткан Дилдекан Кожокеева, бир гана кафе иштетпестен, бир канча жылдан бери, айыл тургундарынын купулуна толгон таттуу шириндиктерди жасап келет.
“Мен жеке ишкер болуп 2006-жылдан бери иштейм, ошондон бери таттуу шириндиктерди элдин талабына жараша жасаганга аракет кылам. Менин кесибим технолог окуу жайды бүткөндөн кийин, Терек-Суу айылында иштеп баштадым. Ар бир иштин түйшүгү, кыйынчылыктары бар дегендей, баардык кыйынчылыкка тоскоолдукка чыдап көп ийгиликке жолдошумдун, балдарымдын колдоосу менен жеттим. Иш башталгандан баштап эле патент алчумун, азыр ККМ аппаратка өткөм. Мыйзамга ылайыкташтырып иштегенге аракет кылам», — дейт Терек-Суу айылындагы ишкер Дилдекан Кожекеева
Ишкер 2005-жылы шаарда жашап, училищада булочка нандарды жасап иштеген. Андан соң айылга келген бирок, айылда наабайкана жок экенин көрүп жеке иш баштоону чечкен. Ал убакта мектептерде балдарга булочка, коржик берилип турган. Ошондуктан жолдошу менен биргеликте ишти баштап алгачкы ишин жакынкы айылдагы мектептердеги окуучуларды булочка, коржик менен камсыз кыла башташкан. Айыл жериндеги кыз-келиндерди иш менен камсыз кылып беш келинди ишке алышты.
«Бара-бара мектептерде ысык тамак бериле баштады. Ошондон баштап торт, кекс, булочка таттуу шириндиктерди элдин каалоосуна, талабына жараша жасап дүкөндөргө коюп ишимди улантып келем», — Дилдекан Кожекеева.
Менин негизги максатым айыл тургундарын талапка ылайыктуу шириндиктер менен камсыз кылуу. Айыл жериндеги жумушсуз отурган кыз-келиндерди ишке алуу, аялзаты үй-бүлөбүздү каржылоо, балдарыбыздын келечегине кам көрүү. Менин кызым дагы жолумду улап таттуу шириндиктерди жасаганды жакшы көрөт», — деген ою менен бөлүштү ишкер айым.
Аттокурова Эльбина, Таалайбекова Асема.