Чарбак айылындагы жеке ишкер айым жаңгакты кургатып, сатып киреше таап, айылдын жумушсуз аялдарын иш орду менен камсыз кылып жатат.
Элеттик айымдарды жумуш менен камсыз кылып жатам…
Менин атым Давлет. Жеке ишкермин. Азыркы күндө жаңгак алып чактырып, маңызын кургатып 10-15 аялды жумуш орду менен камсыз кылуудамын.
Мен Чарбак айылында жашаймын. Жаңгактын маңызы менен иштегениме көп жыл болуп калды. Мурун үйдө үй- бүлөм менен элден жаңгак алып, маңызын чагып, базарга алып барып сатып келчүмүн. Анан өзүм таңгактоочу аппарат алып, үйүмдүн бир бөлмөсүнө коюп иштетип көрдүм. Ишим тез эле жүрүшүп, эки аялды жумушка алып, андан кийин көбөйтө баштадым. Азыркы кезде 10-15 аял келип иштеп кетишет. Күнүгө маңыз чыгарганына карап акча төлөп беремин. Жумушу жок отургандарга бул жакшы мүмкүнчүлүк.
Долбоор аркылуу көп нерсени билип алдым…
Могол айыл аймагына элет элинин аярлуу катмарына жардам берүү боюнча долбоор келип, ошол окууга катышып көп нерсени билип алдым. Биз жапайы мөмөлөрдү кургатып тангактоо, аны жакшы баада сатуу боюнча окуп, айыл аймактагы жеке ишкерлер баарыбыз биригип, бир кампа салып ошол жерде иштейли деп чечтик. Эгер долбоорубуз сынактан өтүп калса, бизге кампа салып беришет экен. Ал эми айыл өкмөтү свет, трансформатор коюп беребиз деди. Жеке ишкерлер азыр ар жерде иштеп жатышат.
Кампа болсо жакшы болот эле…
Менде мисалы таңгактоочу аппарат бар, экинчи ишкерде кургатуучу, үчүнчүсү транспорт менен камсыз болгон. Баарыбыз бир жерге топтолуп, кампабыз болсо кардарлар ошол жерден дүңү менен алып кетишмек. Азыр ушул долбоордун негизинде иштеп жатабыз. Долбоор өтүп калса кошумча иш орундары да болот эле.
Быйылкы жылы жаңгакты үшүк алып, көп жерде болбой калды. Ошого маңыз кымбат болуп жатат. Ар жерден жаңгак таап сатып алып иштеп жатабыз. Аял жеке ишкерлерди колдогон уюмдар болсо жакшы болот эле.
Жаңгактын үшүк алып кеткени элет элинин жашоосуна кандай таасир берди
Тимурлан Мелисбеков