Кочкор районундагы Нинакан Жүндүбаева атындагы жалпы билим берүү мектебинин бүтүрүүчүсү Айдай Абылаева Жалпы республикалык тестирлөөдөн 239 балл алып, республика боюнча эң жогорку көрсөткүчкө жетишти.

17-июнда, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Доктуркүл Кендирбаевага 2026-жылы өткөрүлгөн ЖРТ жыйынтыгыда өлкө боюнча эң жогорку упай топтогон абитуриенттердин тизмеси расмий түрдө тапшырылды.

Белгилей кетсек, быйылкы ЖРТга республика боюнча 67290 окуучу катышып, «Алтын сертификат» алуу укугуна 55 окуучу ээ болду.
Бул чоң ийгиликтин артынан- билимге болгон умтулуунун, талыкпас эмгектин жана максатка болгон ишенимдин жыйынтыгы. Айдай Абылыеванын жетишкендиги ата-энеси, мугалимдери, мектеби жана жалпы Кочкор району үчүн чоң сыймык.
Даярдаган: Назик Мирланова