Кочкор районуна караштуу Чолпон айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдарда кыш мезгилине мал тоютун камдоо максатында чөп чабуу иштери башталды.Быйылкы жаз айларынын жаан-чачындуу болушу аймакта чөптүн калың жана бийик өсүшүнө өбөлгө түзгөн. Учурда айдоо аянттарында беде жана эспарцет чөптөрү чабылып баштады. Талаа жумуштарына чөп чабуучу тракторлор тартылып, чөп кургагандан кийин аны пресстей турган техникалар ишке киришет.

Дыйкандар аба ырайынын ачык күндөрүнөн пайдаланып, чөптү өз убагында чаап, сапаттуу кургатып алууга аракет кылышууда.

Белгилей кетсек, Чолпон айыл өкмөтү негизинен мал чарбачылыгы менен алектенген аймак болгондуктан, тоют коопсуздугу башкы орунда турат. Азыркы жыйналган тоют кыш мезгилинде малдын аман-эсен чыгышына шарт түзөт.

Даярдаган: Илима Жумабаева.