8-Март — Аялдардын эл аралык майрамына карата майрамдык кечеге айыл өкмөт башчысы Марлис Олжотоев, Каргалык айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Индира Курманалиева, Каргалык аялдар кеңешинин төрайымы Венера Мокеева, депутат айымдар жана Каргалык айыл өкмөтүнөн жалпы 100 айым чакырылды.


Майрамдык кечеде жетекчилер куттуктоо сөздөрүн айтылып, айымдарга Каргалык айыл өкмөтүнүн ардак грамоталарын жана белектерин тапшырышты.


Т.Мойдунов атындагы орто мектебинде өткөрүлүп, маданият кызматкерлери тарабынан айымдарга арналган концерттик программа тартууланды.


Даярдаган: Анара Мааметова