Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Абсатар Эшимбаев Курман айт майрамына карата айыл тургундарын куттуктап, бул күн боорукерликти, ынтымакты жана кайрымдуулукту даңазалаган ыйык майрам экенин белгиледи.
Өзүнүн куттуктоо сөзүндө ал элибизге тынчтык, бакубат жашоо жана биримдик каалап, Курман айт адамдарды бири-бирине жакындаткан өзгөчө майрам экенин айтты.
Абсатар Эшимбаев куттуктоосунда:

Эшимбаев Абсатар Көчкөнбаевич
«Урматтуу Кулатов айыл аймагынын кадырлуу тургундары! Сиздерди жалпы мусулмандардын улуу майрамы болгон Курман айт майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм! Курман айт — бул ыймандуулуктун, боорукерликтин, кайрымдуулуктун жана ынтымактын майрамы. Бул ыйык күндөрдө ар бир үйгө береке, ар бир үй-бүлөгө бакыт-таалай, тынчтык жана токчулук каалайм. Элибизде ынтымак бекем болуп, айыл-аймагыбыз өнүгүү жолунда алдыга жыла берсин. Касиеттүү айт күндөрү адамдарды бири-бирине жакындатып, жардамдашууга, улууларды урматтап, кичүүлөргө камкор болууга үндөйт. Ар бир жасаган сооп ишиңиздер, тилеген ак ниет-дубаларыңыздар кабыл болсун. Мекенибизде жана Кулатов айылыбызда дайыма тынчтык өкүм сүрүп, элибиздин биримдиги бекем болсун. Жаштарыбыз билимдүү, эмгекчил болуп, айылыбыздын келечеги кең болсун,» — деп билдирди.
Даярдаган: Жумагүл Көчкөнбаева