Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Эшимбаев Абсатар Көчкөнбаевич айыл тургундарын ыйык Орозо айынын жыйынтыгы болгон Айт майрамы менен куттуктады.

Абсатар Эшимбаев
«Жараткан ар бириңиздердин кармаган орозоңуздарды, кылган жакшы амалдарыңызды кабыл кылсын. Үй-бүлөңүздөргө бакыт, ден соолук, молчулук жана узак өмүр каалайбыз», — деди ал.
Ошондой эле айыл башчысы Кулатов айылында ар дайым ынтымак, биримдик жана өнүгүү болуусун кааларын белгиледи.
Даярдаган: Жумагүл Көчкөнбаева