Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылынын Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр мектебинде аталар күнү белгиленди.
15-март аталар күнүнө карата Кадырбек Конушбаев атындаы Суусамыр мектебинде аталарга арналган иш-чара болуп өттү. Иш чарада аталар кыздары менен биргеликте таймаштарга катышышты. Иш-чаранын шарты боюнча аталар кыздары менен биргеликте кыла турган оюндарды ойношуп, кыз бала менен атанын ортосундагы мамилени бекемдөөгө жол түздү.Жыйынтыгында катышуучуларга атайын даярдалган белектер тапшырылды. Белгилей кетсек бул иш-чара алгачкы жолу өткөрүлдү. 
Даярдаган: Айчолпон Бактыбековна