Ноокат шаарында окуу-семинары уюштурулуп. Иш-чара Ноокат шаарынын Мэриясынын жыйындар залында өтүп, ага 150дөн ашуун дыйкан-фермерлер, айыл чарба адистери, кооператив өкүлдөрү жана кызыкдар жарандар активдүү катышты.

Семинар учурунда
Окуу-семинардын жүрүшүндө төмөнкү маанилүү темалар боюнча кеңири маалыматтар берилди:
• Тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системалары – суу ресурстарын үнөмдүү пайдалануу
• Топурактын анализи жана минералдык жер семирткичтерди туура колдонуу
• Багбанчылык жана өсүмдүктөрдү коргоо – ооруларга жана зыянкечтерге каршы чаралар
• Өсүмдүктөрдү өстүрүүнүн заманбап ыкмалары жана көчөттөрдү багуу
• Өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын (СЗР) туура колдонуу
• Асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүү жана жайыттарды туура пайдалануу
• Органикалык айыл чарбасынын негиздери
• Айыл чарба тармагындагы жеңилдетилген насыялар
• Айыл чарба кооперативдерин түзүү жана анын артыкчылыктары

Семинар учурунда
Семинар катышуучулар үчүн пайдалуу тажрыйба алмашууга, практикалык кеңештерди алууга жана жаңы билимге ээ болууга шарт түздү.

Семинар учурунда
Даярдаган: Көчкөнбаева Жумагүл